Болбогон жерден күнөө коюу, жок жерден кемчилик табуу, эч негизсиз эле кине коюу, чыр чыгаруу, же айыптоо. Кийинчерээк кылдан кыйкым таап, «уйкучу» деп илылтоолоп, кышында жылаңайлак төркүнүнө жөнөтөт (Көчкөнов). Үйүнөн келини кеткенден бери Орозбай жылкычысына оң карабай, кылдан кыйкым таап кордогондун үстүндө (Өгөбаев). Кылдан кыйкым таап урушуп турсаң, үйдө кайсы береке болсун (Бердикеев).
Болбогон жерден күнөө коюу, жок жерден кемчилик табуу, эч негизсиз эле күнөө коюу, чыр чыгаруу, же айыптоо. Кийинчерээк кылдан кыйкым таап, «уйкучу» деп шылтоолоп, кышында жылаңайлак төркүнүнө жөнөтөт (Көчкөнов). Үйүнөн келини кеткенден бери Орозбай жылкычысына оң карабай, кылдан кыйкым таап кордогондун үстүндө (Өгөбаев). Кылдан кыйкым таап урушуп турсаң, үйдө кайсы береке болсун (Бердикеев). В.: Кылдан кынтык табуу. Кийин кайненесинин катаалдыгы күчөгөндөн күчөп, «кылдан кынтык таап» дегендей, каран күн башына түшкөн учурда ага жан тартчу болду (Медетов). Кылдай жерден кыйкым табуу. Кылдай жерден кыйкым таап, обу жок корсулдаганына караганда эптеп эле Сылыйды кетирүү максатын көздөгөнсүйт (Исмаилов). Кылдан кыйкым чыгаруу. – Кылдан кыйкым чыгарып коңшу урууну барымталап талаганды оңой көрүшөт (Касымбеков). Кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издөө. Эң жакшысы кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издеген душмандарыңыздын ушак-айың кебинен калас болосуз – бул ушул тапта ашкере зарыл (Касымбеков).